Британиялык көл жээгинде куткаруучунун жардамчысы болуп иштеген Хермони Дос күтүүсүздөн миллионер болуп калды.

Чет элдик басылмалардын биринде 17 жаштагы Хермони тууралуу жазып чыкты. Ал дүйнөлүк пандемияга байланыштуу жумушсуз калат. Секелек бир күнү лотерея сатып алат, бактыга жараша анын лотереясы бактылуу билет болуп, мындан ары Хермониге биздин акчага которгондо айына 190 миңдей сом алып келип турат. Секелек кыз азыркы абалын түш көрүп жаткандаймын деп түшүндүргөн.