Кыргызстанда дагы 11 кишиден COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жалпы бейтаптардын саны 430га жетти.

«Бишкекте сегиз кишиден, Чүй облусунда бир, Жалал-Абад облусунда эки адамдан коронавирус чыкты. Анын алтоо аял, бешөө эркек киши», — деди министрдин орун басары.

Ал эми акыркы маалымат боюнча жалпы статистика төмөнкүдөй:

  • Жалал-Абад облусунда — 93;
  • Ош облусунда — 128;
  • Ош шаарында — 59;
  • Чүй облусунда — 28;
  • Бишкек шаарында — 77;
  • Баткен облусунда — 5;
  • Нарын облусунда — 34;
  • Ысык-Көл облусунда — 6.

Булардын ичинен 230у аял, 200ү эркек киши.