Коом

Лукашенко коронавирустан эч ким өлбөйт деди

Президент Александр Лукашенко Беларуссияда коронавирустан эч ким өлбөгөнүн жана мындан кийин да өлбөй турганын айтты.

 «Коронавирус кант диабети, жүрөк-кан тамыр жана өпкө оорулары сыяктуу көптөгөн өнөкөт илдеттерди козгойт. Биз Кытай, Америка жана Европанын тажрыйбасына таянып, кандай иштеш керектигин көрүп жатабыз, адамдарды коргоо үчүн дарылардын комбинациясын таптык. Эгер бейтаптар өздөрүн таштап койбосо, сөзсүз айыгып чыгышат», — деди Лукашенко.

Ал эми каза болгондор булар өнөкөт оорулардан улам каза болду деп эсептейт президент. Эске салсак буга чейин Лукашенко вируска каршы бир аз арак ичип, мончого баруу пайдалуу болорун айткан жайы бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button