АКШ өкүлдөрү жана «Талибан» афган радикалдык кыймылы Дохадагы жолугушууда Тынчтык жөнүндө макулдашууну толук жүзөгө ашыруу маселелерин талкуулашты” — деп билдирген Катардагы кыймылдын саясий кеңсесинин расмий өкүлү Сухейль Шахин.

Шахиндин айтуусу боюнча аталган жолугушууга «Талибан»  саясий кеңсесинин өкүлү жана кыймылдын башкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчүсү  Барадар Ахунд, Афганистан боюнча АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзар, АКШнын куралдуу күчтөрүнүн жана Афганистандагы НАТО командачысы генерал Скотт Миллер жана Катар өлкөсүнүн эмири Тамим бен Хамад Аль Тани катышкан.

«Алар макулдашууну толук жүзөгө ашыруу, ошондой эле камакка алынгандарды бошотуу иштеринин кармалып жаткандыгы тууралуу сүйлөшүштү. Мындан сырткары, тараптар макулдашуу жол-жоболорунун бузулуп жаткандыгы, дагы башка көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу кеп кылышты»-деп жазган Шахин Twitter баракчасына.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Катарда өткөн салтанатта АКШ жана «Талибан» 18 жылдан ашык мөөнөткө созулган согушта биринчи жолу тынчтык тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Анын негизинде чет өлкөлүк аскерлер 14 айдын ичинде Афганистандан чыгып кетет. Ошондой эле туткундарды алмашуу боюнча келишимге кол коюлгандан кийин, тагыраак айтканда март айында афган аралык  эки тараптуу диалог башталмакчы.

Дүйшөмү күнү Афганистандын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жавид Фейсал бийлик түрмөдө жаткан 361 талибди бошоткондугун билдирген.

Буга чейин 300 талибдин бошотулгандыгы, ал эми «Талибан» өз кезегинде 20 туткунду бошотуп, аларды Афганистандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында жайгашкан Эл аралык Кызыл Крест комитетине өткөрүп бергендиги тууралуу айтылган.