Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын туу чокусу алдыдагы 6-10 күндүн аралыгында болору болонууда.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, оору жайылуунун туу чокусунан кийин сөзсүз басаңдай баштайт.

“20-апрелден 24-апрелге чейин деп болжолдоп жатышат. Туу чокусуна батыраак жетсек жакшы болот эле. Инкубациялык мөөнөт аяктагандан кийин бул илдетти алдын алуу иштерине өтөт элек”,-деди министрдин орун басары.

Өлкөдө биринчи жолу оору 18-мартта катталган. Бүгүнкү күндө жалпы саны 430га жетти. Бешөө каза болуп, 71 адам айыкты.