Райондун аймагында Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана ошондой эле элдик кошуундар менен биргеликте 11 айыл өкмөтүнүн кире беришинде орнотулган 15 санитардык-эпидемиологиялык карантиндик посттордун жанында кирип чыккан автоунааларды текшерүү менен элди дүрбөлөңгө салбоого, максатсыз үйлөрүнөн чыкпоого эскертип, жугуштуу илдеттин жайылуусунун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Коомдук коопсуздукту, жарандардын коопсуздугун жана алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө Ат-Башы милициясы күчөтүлгөн тартипте кызмат кылышууда. Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери атайын бөлүнгөн кызматтык автоунаа менен райондун ички көчөлөрүн жана алыскы айылдарды кыдырышып, автоунаанын үндү катуу чыгаруучу каражаты менен илдеттин алдын алуу боюнча жарандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө Бүгүнкү күндө жалпы милиция кызматкерлери коргонуучу кийимдер менен камсыз болушкан.

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы