Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда.

Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.