Михаэл Шумахердин Reynard 903 үлгүсүндөгү спорттук унаасы сатууга коюлду. Бул тууралуу Motorsport-Total билдирүү таратты. Дал ушул спорттук унаа менен Шумахер 1990-жылы «Формулы-3» мелдешине катышып жеңишке жетишкен.

Эске салсак дүйнөнүн жети жолку жеңүүчүсү, спортчу Михаэл Шумахер 2013-жылы Альпы тоосунда лыжадан кулап, баш сөөгү жабыркап, комага түшүп калган эле.