Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарымсыз негизде коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн 20 миң анализ чыгарууну шарттаган 200 топтом көлөмүндө ПЧР тест-системалардын кезектеги партиясын берди.

Көрсөтүлгөн ПЧР тест система топтомдору Кыргызстанга 2020-жылдын 15-апрелинде жеткирилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 коронавирус менен күрөшүүгө көрсөтүлгөн жардам жана колдоо үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирет.