Убактылуу Орусияда эмгектенип жүргөн мекендештерден түзүлгөн Баткен  коому коронавирус оорусу менен күрөшүүдө Баткен облусуна жардам көрсөттү.

Мекендештер жиберген каражат, ыйгарым укуктуу өкүлдүн чечими менен, дарыгерлерди коргонуучу каражаттар менен камсыздоого жумшала турган болду.

Каражат саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координаторуна тапшырылды. 

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы