Кыргызстанда башталган дистанттык окутуу боюнча мугалимдерге усулдук жардам берүү жана окуучуларга психологиялык колдоо көрсөтүү максатында ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө ыкчам байланыш номерлери иштей баштайт.

Облустук билим берүү борборлорунун адистери жана ар бир мектептин соц педагогдору аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ата-энелерине телефон аркылуу психологиялык жардам көрсөтөт. 

Ушундай эле жумушту аткаруу ар бир мектептин директорлору, тарбия иштери боюнча орун басарлары, социалдык педагогдор жана класс жетекчилерине тапшырылды. Алар аярлуу топтогу үй-бүлөлөр менен дайыма телефон аркылуу байланышта болуп, кеп-кеңешин берип моралдык жактан колдошот.

Кайтарым байланышты уюштурууда мугалимдер үчүн сунушталган каражаттарды колдонуу инструкциясы Кыргызстандын билим берүү ресурстарынын порталында да жайгашкан: https://oku.edu.gov.kg/ky/instrukczii/ .

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы