Жылдыз Мусабекова, ЖК депутаты: Өкмөт, элден жакшы сөзүңөрдү аябагыла!

256

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова соңку убактарда болгон окуя-көрүнүштөр тууралуу төмөнкүдөй билдирүү калтырды:

-“Бөрк ал десе баш алганга” даярлар көп экенин көрүп атабыз. Азыр элдин баары ачуулуу, карантинде карайлап жиндери мурдуларынын учунда. Өкмөт элди карагыла, жакшы сөздөрүңөрдү аябагыла. Эл жылуу сөзгө муктаж. Посттордо тургандар кудайдын оозунан түшкөнсүп дөгүрсүп, жазалоочу болбой жардам берүүчү болушсун …