Коом

«Газпром» газга болгон кымбат тарифти артка кайтарат



«Газпром Кыргызстан» ЖЧК калкка жана коммерциялык түзүмдөр үчүн газга болгон мурдагы тарифти кайтарат.


Мындай макулдашууга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилди — деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.


Белгилесек, компания тарабынан калк үчүн бир метр куб газдын баасы 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин жогорулатылгандыгы кабарланган. Бизнес үчүн (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир метр куб газдын баасы 18,7 сомдон 21,3 сомго жогорулатылган.

Баалардын өзгөрүшү АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырылган.
Болот Абилдаевдин айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча абалды эске алуу менен компания өз чечимин кайрадан карап чыгып, калкка жана коммерциялык түзүмдөр үчүн газга болгон мурдагы тарифти ордуна кайтарат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button