Сандерс азыркы президент Трампты жеңүү үчүн учурда Байдендин кампаниясынын тегерегинде чогулуу өтө зарыл экендигин айтып, Трампты «Өлкөнүн заманбап  тарыхындагы эң коркунучтуу президенти» деп атады.

АКШ президенттигине карата ат салышууга катышкан мурдагы талапкер Берни Сандрес өзүнүн мурдагы атаандашы Джо Байденди колдой тургандыгын расмий билдирди. Ошону менен бирге Дональд Трампты жеңүү аракеттеринин ишке ашуусу үчүн биригүүгө мезгил келип жеткендигин белгиледи. Вермонт штатынан чыккан 78 жаштагы сенатор дээрлик бардык праймериздер боюнча утулган соң өткөн жумада президенттикке ат салышуудан баш тарткан.

Белгилей кетсек, Джо Байден АКШ президенттиги үчүн ат салышууда Дональд Трампты артка таштаган жана бул тууралуу көз карандысыз SSRS иликтөө компаниясы өткөргөн сурамжылоолордо маалым болгон. Ошентип, жакынкы президенттик шайлоолордо Демократииялык партиядан талапкер болуп чыга турган Байден үчүн америкалыктардын 53% өз добуштарын берүүгө даяр.