Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Аида Касмалиева учурда элге азыр тамак-аш менен бирдей эле үрөн да өтө зарыл болгондуктан, урук таратуу демилгесин баштады.

Эл өкүлү Ош облусунун Өзгөн районунда жашаган үй-бүлөлөргө төрт тонна картошканын уругун таратты.  

«Өткөндө айрым үй-бүлөлөргө азык-түлүк таркатып жүрүп, ун-май тез эле түгөнүп каларын, талаалар жана үй алдындагы жерлер бош калганын байкаганбыз. Жаз жарыш, күз күрөш эмеспи, анын үстүнө карантин убагында үрөн, урукка жетпей калгандар көп болууда. Дыйкандарга жардамды мамлекеттик деңгээлде да карап жатабыз. Үрөн алып келип, таратууда коопсуздук жагын да өзгөчө карадык. Мындай акция өлкө боюнча кеңири колго алынат жана улантылат деген үмүттөмүн», — деди депутат.