Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб карантин аяктаганга чейин кайсы мекемелерди ачуу пландалбагандыгын аныктады.

Карантин бүткөнгө чейин ачылышы пландалбаган жайлардын тизмеси:

  • балдар бакчалар жана кошумча билим алуу боюнча ар кандай секциялар;
  • мектептер, ЖОЖдор, орто окуу жайлары, колледждер, кесиптик окуу жайлар ишин дистанттык режимде улантат;
  • оюн-зоок мекемелери, соода-сатык борборлору, дүкөндөр, ири базарлар, барлар, түнкү жана оюн клубдары, театрлар, музейлер жана кинотеатрлар.

Азык-түлүк дүкөндөрү жана жашоого керектүү товарлар сатылган базарлар, дарыканалар өз ишин улантат.

Буга чейин өзгөчө абал режиминин мөөнөтү узартыла турган учурда ишканалардын жана уюмдардын тизмеси кайрадан карала турганы маалымдалган болчу.