Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр гуманитардык жүктөрдү, биринчи зарылдыктагы азык-түлүк товарларын жана медициналык багыттагы продукцияны үзгүлтүксүз жеткирип туруу үчүн биримдиктеги өлкөлөр ортосунда «жашыл коридорлорду» уюштуруу керек.

Мындай сунушун президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин (ЖЕЭК) мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жыйынында берди.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүлүп келе турган товарлардын тизмесин аныктоону сунуш кылды.

Мындан сырткары, Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн экономикаларына зарыл болгон ресурстарды, анын ичинде чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыя берүү, каржылоонун тийиштүү механизмдерин токтоосуз түрдө иштеп чыгып, аларды ишке ашырууну баштоо үчүн улуттук банктар менен каржы секторунун дараметин колдоого алуу маанилүү экенин билдирди.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков жагдайга ыкчам жооп кайтаруу максатында Биримдиктин медициналык кызматтарынын биргелешкен ишмердигин уюштурууну сунуш кылды.

«Европа экономикалык комиссиясы тарабынан медициналык буюмдарды ташып кирүүгө болгон бажы төлөмдөрүн нөлгө теңөө боюнча чаралар көрүлүшү зарыл деп эсептейбиз. Ошондой эле Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого арналган социалдык маанидеги товарларга карата да ушундай эле чаралар көрүлүшү максатка ылайык жана өз убагында аткарылган милдет болуп калмак», — деди президент.

Сооронбай Жээнбеков көп сандаган жарандар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагында жашап-иштеп келе жатканын жана пандемия шартында алардын оор турмуштук жагдайларга дуушар болгондору да жок эмес экенин белгиледи. Ал бүгүнкүдөй кыйын мезгилде ЕАЭБдин бардык жарандары үчүн социалдык жана медициналык колдоонун бирдиктүү механизмин кабыл алууну сунуштады.