2020-жылдын 13-апрелден 14-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында баары болуп – 23 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 4 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 1261 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген.

“Урматтуу мекендештер, азыркы учурдагы түзүлгөн шарттарга, өзгөчө абал тартибин мүмкүн болушунча түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуу бололу. Бүгүнкү күндө оору чыккан уюгунда өз өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салып иштеп жаткан медицина, санитардык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматкерлердин эмгеги эбегейсиз зор.

Учурдун талабы элдин саламаттыгы алдыңкы орунда турат андыктан – “Дени сак улут, дени сак өлкө” демекчи, мамлекеттин башкы байлыгы бул — элдин саламаттыгы”, — деп комендант Ж. Жоробеков билдирди.