Коом

Милиция кызматкериден коронавирус табылды

Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиция кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу 14-апрелде министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев ЖМКларга билдирди.

Анын айтымында, буга чейин министрликке келип-кетип иштеген кызматкерден коронавирус табылгандан кийин калгандары да текшерүүдөн өткөрүлгөн. Милиция кызматкеринен коронавирус ошондо табылган:

«Контакт катары деп министрликте иштеген кызматкерлерди текшергенде постто турган милиция баладан чыкты. Түз контакт эмес, балким, башка жерден жуктуруп алгандыр. Бул убагында текшере калгандын пайдасы».

Үсөнбаев ал милиционердин да контакттары изилденип, оорунун жайылбоосу үчүн чаралар көрүлөрүн айтты.

Коронавируска каршы республикалык штабдын өкүлү бул илдетке чалдыкканы 13-апрелде белгилүү болгон. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button