Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкери коронавирус жуктуруп алганын бүгүн, 14-апрелде министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын бири – ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери. Экинчиси – күзөт кызматынын кызматкери.

Аларда COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин, алар менен байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализдер алынды – жыйынтыктары коронавирус жок экенин көрсөттү.
Ооруну жуктуруп алгандар обсервацияга алынып, тийиштүү түрдө дарыланууда.