Эртен 15-апрель, саат 11-00дө Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов фейсбук социалдык тармагындагы «Институт Омбудсмена КР» баракчасы аркылуу түз эфирде болот.

Омбудсмен өлкөдөгү өзгөчө абал учурундагы укук коргоо маселелери боюнча суроолорго жооп берет.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү суроолорду алдын ала ombudsman@inbox.ruэлектрондук дарегине 0312 663141 байланыш номери аркылуу да калтырса болот.