Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн орозо бүткөнгө чейин узартууну сунуштады.

Депутаттын пикири боюнча, рамазан айында адамдар бири-бирине каттап, көп адам чогулгандыктан коронавирус дагы күч алып кетиши ыктымал.
«Болжол менен 24-апрелде орозо башталат. Ал эми саламаттык сактоо министри Сабиржан Токтосунович коронавирустун туу чокусу 20-25-апрелге барат деп жатат. Бирок менин андан күмөнүм бар. Дүйнөлүк эксперттер майдын аягында, июнда гана чегине жетет деп жатат. Эми ал дагы биздин иштегенибизге жараша болот. Мүмкүн өзгөчө абалды орозо айы бүткөнгө чейин узартуу туура болоттур… Ачып жиберсеңер эл чогула баштайт да», — деди Казакбаев.