Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарындагы «Нурафшан»  жана «Чагатай» көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Өзбекстандын жол коопсуздугу кызматы билдиргендей, “Тез жардам” унаасынын айдоочусу менен “Форд” маркасындагы унаасынын айдоочусу кагышкан.

Мунун кесепетинен “Тез жардам” унаасы капталынан кулап калган. Айдоочу жана ичиндеги адамдар ооруканага жеткирлиген. Кырсыкка кабылгандар жараат алышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Булак: centralasia.media/news