Алыскы чет өлкөлөрдө Кыргызстанга келе албай жаткан кыргыз мигранттарына сабыр тилеп,  өлкөнүн ушундай абалына да сабырдуулук менен чыгалы деген кайрылуу жасаганын Abal.kg сайты жазып чыкты.

“Кыргызстан өмүр бою эле өнөкөт кризисте жашап, өнүгүп-өсүп келгенбиз.  Көчмөн элбиз, бул көчмөндүк дайыма эле кризис деген сөз. Биздин азыркы өкмөт азыр өзү чачырап отурат. Биз аны көрүп, билип, сезип эле атабыз. Эми жегени жеп аткандыр, аны көргөн  эмесмин, ал тууралуу эч нерсе айта албайм. Президентибиз жалгыз! Ал бир эле киши! Ал киши да чачырап атат! Ал кишинин түшүгү толтура! Ар бир кырыз өзүңдүн арабаңды өзүң көтөрчү! Көтөрүп эле келе жатпадың  беле! Өкмөттөн көрө өзүбүз байбыз го…

Кыргыз өрдөк болбо, бүркүт бол! Карышкыр бол! Тур!”- деген сыяктуу сөздөрүн айтып элге дем берип, кайрылуу видеосун интернет тармагына жүктөдү.

https://www.youtube.com/watch?v=371iM6sP_kY&feature=emb_logo