Франция президенти Макрон элге кайрылуу жасап, анда үй карантинди 11- майга чейин узартканын жар салды.

«Мындай кадам, вирустун таралуусун басаңдатып, ооруканаларда абалы оор болгондорго орун бошотулуп, медицина кызматкерлеринин күч топтоосуна көмөк болчу жалгыз ыкма» — деген оюн билдирди. 11- майдан баштап балдар бакчалары жана окуу мекемелери акырындан иштеп баштайт. Ал эми жогорку окуу жайларында окуу процесси жайга чейин башталбайт.

Кино театр, ресторан, кафе, музейлер жабык бойдон калат.

Эске салсак,  коронавирустан Францияда 136,7 миң киши жабыркап, 14,9 миң жаран каза болгон.