Учурда Өзбекстанда вируска кабылгандардын саны 998 кишиге жетти. Вирустун алгачкы белгилери Францияга барып келген жарандан байкалган. Мындан улам адистер 9- майга чейинки божомолдуу алгаритм түзүштү. Алгаритмде үч вариант каралган. Эгерде өлкөдө вирус азыркы темп менен уланса анда 9-майда 3479 киши ооруусу мүмкүн. Эгерде абал көзөмөлгө алынып, вирустун таркалуусу жайласа, анда 2020-жылдын 9-майында оорулуулардын саны 2481 болот.

Эгерде абал курчуп кете турган болсо, анда 9-майда коронавирус менен ооругандардын саны 4477 кишиге жетиши мүмкүн.

Бул божомолдор буга чейин көрсөтүлгөн сандардын негизинде түзүлгөн.