Коом
Монголия окуучулар үчүн карантинди 1-сентябрга чейин узартты
Монголиянын мамлекеттик көзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясы окуучулар үчүн карантинди 1-сентябрга узартканын бүгүн 14-апрелде билдирди.
Маалыматка ылайык комиссия бала бакчаларда жана мектептерде карантин мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартты. Ал эми аралыктан окуу ыкмасы 1- июнга чейин улантылат.
Окуу күнү 20-сентябрда башталат. Бүтүрүүчүлөргө баалар экинчи семестрдин жыйынтыгы менен коюлат.