Ооба, мен да окуучуларымды сагыныпмын. Алардын ызы-чуусун, алардын даттангандарын, күлкүлөрун, таарынгандарын, күнөөсүз бакырайган көздөрүн кадимкидей сагыныпмын.

Бүгүн «Эже карантин качан бүтөт. Мен сизди, классташтарды, мектепти сагындым» деген коментти окуп, айласыз көзүмө жаш тегеренди. Эмнегедир кокурогум толуп бакырып-бакырып ыйлагым келди. Өзүмдү араң кармандым. Терең ойго чөмүлүп кеттим. Жан дүйнөм ыйлап жатты. Карегимден төгүлгөн жаш сыртка чыкпай ичке кетип жатты. Балдарыма, неберелериме, окуучуларыма болгон сагыныч көөдөнүмдү жарып чыкчудай абалда болуп турдум.
Ооба, мен да окуучуларымды сагыныпмын. Алардын ызы-чуусун, алардын даттангандарын, күлкүлөрун, таарынгандарын, күнөөсүз бакырайган көздөрүн кадимкидей сагыныпмын.
Анткени менин өмүрүмдүн бир бөлүгү ошолордун ызы-чуусу менен кызыктуу өтүп жаткан тура!
Алар менен бирге болгондо балалыкта жашап жаткандай өмүр сүрөт экем. Мектепке келип ызы-чууга аралашып, бардык түйшүктү унутат экем.
Мына бир айдан бери үйдө отуруп, сабак да өтүп жатам. Кыргыздын «миң уккандан бир көргөн артык» деген макалы тегин жерден айтылбаганына ынандым.
Балдарга телефон менен түшүндүргөндөн көрө көз алдында түшүндүрүү алда канча жеңил болору да далилденди.
Келген илдетке миң наалат! Кандай келсе батыраак ошондой кетсинчи!

МЕН БАЛАЛЫК ТАРТУУЛАГАН ОКУУЧУЛАРЫМДЫ САГЫНДЫМ!

Бул ой толгоо фейсбук социалдык тармагындагы Канышай Азиреткулованын баракчасынан алынды.