Кыргыз-кытай чек арасынын “Эркеч-Там” пункту жүк ташуу үчүн ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-апрелде, кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында “Эркеч-Там” өткөрмө бекетин жүк ташуу үчүн кайра жандантууга макулдашылган.

Ал эми “Торугарт” өткөрмө бекетин ачуу маселеси Нарындагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша караларын билдиришти.

Ошол эле учурда чек ара ачылганы менен адамдардын өтүшүнө коюлган чектөө дагы деле күчүндө экени белгиленет.

Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы коронавирус илдетинен улам февраль айынан бери жабык турган.

Булак: NazarNews.kg