Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан улам макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, күн мурун Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтылды.

Тараптар түзүлгөн кырдаалда бири-бирине колдоо көрсөтүүдө өз ара тилектештигин жана даярдыгын билдиришип, илдет менен күрөшүү үчүн Кытайдан Кыргызстанга медициналык адистерди жөнөтүү боюнча макулдашышты.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз тараптын пандемиянын жайылышын болтурбоо боюнча Кытай Өкмөтүнүн көрүп жаткан күч-аракеттерин, ошондой эле кытай эли көрсөткөн чыдамдуулукту жогору баалаганын белгиледи.

Коронавирус инфекцисы менен күрөшүүгө берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. КЭР Төрагасы Си Цзиньпинь коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоорун белгиледи.