Бириккен Жаштар Уюму убакытты туура пайдалануу жана билимибизди тереңдетүү максатында кыргыз элинин чыгаан уулу, мамлекеттик жана партиялык ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арнап окуучулар, студенттер, жаштар арасында чыгаан инсандын өмүр баяны, мамлекетибиздин түптөлүшүнө кошкон зор салымы туурасында, деги эле инсандын тарыхынан кеңири маалымат алууга «Online сынак» уюштуруп жатат.

Сынак санариптик (цифровой) форматта өткөрүлөт. Ар бир катышуучу смартфон (телефон) же ноутбук аркылуу катышууга мүмкүнчүлүгү бар.
Өтүлүүчү убактысы
2020-жылдын 18-апрели, саат 18:00дө.

Дагы бир чоң мүмкүнчүлүк сиз дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбоңуз сынака катышууга мүмкүнчүлүгүңүз бар), болгону интернет аркылуу уюмдун сайтына кириңиз!)) https://www.unitedyouth.org.kg/.

“Калыс кызматкер болом десең кек сактаба, калыс бол”. И. Раззаков.
Толук маалыматты төмөнкү телефондордон алсаныздар болот:
0553245262
0704383636

Маалымат фейсбук социалдык Askar Shaikidinovдун баракчасынан алынды.