Коом

Египетте Пасхага карата теракт уюштуруп жаткан жети террорист жок кылынды

Египеттик күч түзүмдөрү христиандардын алдыда келе жаткан майрамдарына карата теракт уюштуруп жатышкан жети террористти жок кылышты. Бул тууралуу республиканын ИИМ маалымдаган.

Каирдин эл көп жайгашкан райондорунун биринде террористтик топ жашырынып жаткан батирди штурмалоо иштеринин жүрүшүндө  Египет ИИМ улуттук коопсуздук башкармалыгынын подполковниги Мухаммед аль-Хуфи каза болуп, дагы бир полиция офицери жарадар болгон.

Штурмдан соң күч органдарды батирден алты автомат, ошондой эле ок-дарыларды тапкан.

Шейшемби күнү кечинде ММКлардын билдирүүсү боюнча полиция бир нече саат боюу Каирдин Амиря райондорунун бириндеги көп кабаттуу үйгө жайгашкан террористтик топ менен атышууларды жүргүзгөн.

Белгилей кетчү нерсе, Египет христиандары Пасханы 19-апрель күнү майрамдашат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button