АКШ Президенти Дональд Трамп Вашингтон мындан ары Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмун (ДСУ)  каржылоону токтотот деп билдирди.

«Коронавирустун жайылышын жаап-жашыруу жана ага олутуу маани берүүдө кетирген катачылыктарын иликтеп чыкмайынча мен ДССУну каржылоону токтотом» — деди ал шаршемби күнү журналисттер менен болгон жолугушууда.

Трамптын оюу боюнча ДССУ маалыматтарды өз учурунда бербей, орун алган кырдаал боюнча чындыкты дүйнөлүк коомчулукка жеткирген эмес.

  • «ДССУ өзүнө таандык негизги милдетти аткара алган жок жана бул үчүн жооп бериши керек. Уханьдан алынган маалыматтар кытай бийлигинин расмий маалыматына каршы келет. Бул жерде дагы бир айта кетчү нерсе,  аталган уюмдун бейаракетинин натыйжасында көп убакыт өтүп кеткен. Эгерде Кытайга өз учурунда ДССУ адистери барып, андагы кырдаалга тиешелүү баасын бергенде бул өңдүү көп сандаган курмандыктар менен экономикалык кесепеттердин алдын алуу болор эле» — дейт Трамп.

Белгилей кетчү нерсе, аталган уюм авиакаттамдарды токтотуунун зарылчыгы жок деп билдирген.