Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев өкмөткө Бишкек шаарында чакан жана орто бизнестин ишине уруксат берүүнү сунуштады. Депутаттын айтымында, өзгөчө абал режиминде чач тарач, автоунаа оңдоочу жайларга, курулуш товарлары менен автоунаалардын тетиктерин саткан дүкөндөргө уруксат берүү керектигин сунуштады.

«Биз вирус менен күрөшүп жатып экономиканы таптакыр эле өлтүрүп салбашыбыз керек. Эксперттердин айтышы боюнча Бишкек шаары күнүнө 15-20 млн. доллар жоготуп жатат. Мисалы, Беларус карантин кылган жок. Бирок коронавирус жуккандардын саны бизден аз. Себеби, алар санитардык талапты так аткарып, жумушка келип-кеткендерди көзөмөлдөп жатат»,  — деди Иманалиев. Ал эми өкмөттүн билдиришинче, учурда экономика 5 млрд. сом зыян тартты. Анын ичинен салыктардан 1,5 миллиард сом, бажы төлөмдөрүнөн 3,8 миллиард сом түшпөй калган.