![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/04/937254.804e41f0facaff00d4e58992f4d8b665.jpg)
Коом
Кытайда коронавирус жуктурган 46 жаңы учур катталды
Соңку суткада Кытайда коронавирус инфекциясынын 46 жаңы учуру катталып, 1 адам каза болду.
Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдиргендей, 46 учурдун 36сы сырттан келген, калган ону ички жуктуруу.
15-апрелге карата Кытайда ооругандардын жалпы саны 82 миңден ашты. Алардын ичинен 3342 кайтыш болгон.