Ош шаарында, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда коменданттык саат эки саатка кыскартылды. Бул тууралуу коменданттын маалымат борборунан билдиришкен.
Комендантуранын маалыматы боюнча, тиешелүү буйрукка комендант Малик Нурдинов кол койгон. 16-апрелден 30-апрелге чейин коменданттык саат кечки саат 21:00дөн 06:00гө чейин киргизилет деп болжолдонууда.
Эске салсак, аталган аймактарда 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал киргизилген.
Кечээ, 14-апрель күнү президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылууда.
Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.
Булак: Кыргызтудей сайты