Кыргызстанда дагы 19 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы бейтаптардын саны 449га жетти.
Жаны учурлар:
Ош шаары – 12,
Бишкек шаары – 5,
Ош облусу – 2.
Анын ичинен 15и медицина кызматкерлери.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган медициналык кызматкерлер арасында 98 учур катталды.