Өткөн суткада коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 19 жарандын 15и медицина кызматкерлери.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, алардын үчөөсү Бишкек шаарында, Ош облусунда эки жана Ош шаарында 10.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 98 учур катталды.