Кытай бийлиги дүйнө жүзүнө коронавирус пандемиясынын «алгачкы учкуну» буга чейин айтылып келген Ухань шаарындагы базарда болгондугун такташты. Ал эми анын таралышы фамилясы Вэй аттуу жергиликтүү соодагер аял менен байланыштуу болуп чыкты. Бирок, буга чейин айтылып келгендей аял жарганаттарды эмес, кадимки креветкалар менен соода кылган. Себеби базарда жалаң гана деңиз азыктары сатылчу. Вэй эбактан бери эле базардын жанында жашаган жана кардарлардын бардыгына жакшы тааныш болгон. Ооруну кайдан жуктуруп алгандыгы азырынча белгисиз болгон менен качан болуп өткөндүгү так аныкталды.

Кытай аялынын айтуусу боюнча (баса, ал ооруп айыккан) 2019-жылдын 11-декабрында дене табы өтө жогору көтөрүлүп, ыкшып жөтөлө баштаган. Муну ал кадимки суук тийүү деп ойлогон. Алып жаткан уколдору менен тамчылатма дарылары эч кандай натыйжа бербегендиктен Вэй шаардык илим жана технология университетине караштуу «Сехэ» ооруканасына кайрылууга мажбур болгон жана тапшырган анализдеринин негизинде ага «коронавирус» деген алгачкы диагноз коюлган.