Коом

Коменданттык сааттын убактысы Бишкек шаарында да кыскарат

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Отурумдун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарынын комендантына суроо берди.

«Кандай чектөөлөр алынып, кандай жеңилдиктер болот? Коменданттык саат саат канчадан канчага чейин болот? Ошону так айтасаңыздар», — деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында, коменданттык сааттын убактысын кыскартуу боюнча буйруктун долбоору даяр. Эми коменданттык саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин болот. Учурда башка чектөөлөр боюнча маселе каралып жатат.

Ошондой эде Дастан Бекешев таксисттерге жеткирүү кызматын көрсөтүүгө уруксат берүүнү сунуштады. 

Ал эми комендант учурда жеткирүү кызматтары иштеп жатканын айтып өттү.

Анын айтымында, Ош облусундагы өзгөчө абал режими кирген аймактарда коменданттык сааттын мөөнөтү 2 саатка кыскарган.

Булак: NazarNews.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button