Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын атын атагысы келбеген 4 дарыгери биргелешип илдет жугузуп алгандар менен иштеп жаткан 15 медицина кызматкерлернин үй-бүлөсүнө азык-түлүктөр баштыгын таратышты.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдиргендей, бул дарыгерлерлер 10 күн оорулууларды дарылап, мөөнөтү бүткөндө 14 күнгө обсервацияда болушат.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 98 учур катталды.