Ош облусундагы коменданттык саат киргизилген аймактарда спирт ичимдигин сатууга тыюу салынды.

Тиешелүү буйрукка  Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов кол койду.

«Өзгөчө абал киргизилген Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузган жарандар, унаа башкарган жана жол кырсыктарына кабылган айдоочулар көпчүлүк учурда мас абалда болуп жаткандыктан спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат. Буйруктун аткарылышын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош шаары, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы түзүмдөрү, ИИМдин түзүмдөрү көзөмөлдөйт жана камсыздайт», — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылган.