Өзгөчө кырдаалдын алкагында Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунда жол көзөмөлдөөчүлөр жолдогу коопсуздук менен эле бирге жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Кочкор районунун “Сары-Чат” санитардык-карантиндик көзөмөл постунда Ысык-Көл, Чүй аймактары аркылуу каттамда жана Жумгал райондорундагы “Арал” санитардык-карантин постунда түштүк багыттан жана Чүй өрөөнүнөн өткөн каттамдарды жол кыймылынын көзөмөлдөөчүлөрү тыкан көзөмөлгө алып күчөтүлгөн тартипте текшерүү жана жараандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүшүдө.

2020-жылдын 25-мартынан бүгүнкү күнгө чейин Кочкор жана Жумгал РИИБы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери тарабынан 44 одоно жол эрежесин бузган фактылар аныкталган. Анын ичинде 8 айдоочу спирт ичимдигин ичип алып жүргөн жеринен кармалып протоколдор түзүлгөн.

Жалпысынан өзгөчө кырдаал шарттарын бузган 34 унаа атайын унаа токтотуучу жайларга киргизилип, айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде чара көрүлгөн.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы