15-апрелде Түштүк Кореяда парламенттик шайлоо башталды – деп билдирет Al Jazeera.

Эртең менен 14 миңден ашык шайлоо участкаларында шайлоо башталды. Негизги күрөш башкаруучу “Тобуро” демократиялык партиясы жана консервативдуү “Бириккен Келечек” партияларынын ортосунда болот.

Добуш берүү учурунда шайлоочулар бет кап кийип, температурасын текшертип турушу керек. Дене табы 37,5 градустан жогору болгондор үчун атайын кабина да уюшурулган.

Бардык шайлоочулар колду тазалоочу каражаттарды, кол каптарды жана 1 метр аралыкты сакташы керек.

Улуттук Шайлоо Комиссиясынын маалыматы боюнча, жергиликтүү убакыт боюнча саат 9га карата шайлоочулардын катышуусу 8% ды түзгөн.

Карантинге алынган 13000ден ашуун адам добуш берүүгө катталган жана аларга башка шайлоочулар шайлоо участкасынан чыккандан кийин бир сааттын ичинде уруксат берилет.

Түштүк Корея коронавирус эпидемиясы башталгандан бери дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп жалпы элдик шайлоо өткөрдү.