Жаш жигит-таксист жүргүнчү аялдан вирус жугузуп алып, коронавируска чалдыкканы бышыкталды. Бул туурасында Московский Комсомолец кабарлаган.

Лондондо 33 жаштагы  Аюб Ахтар аттуу таксисит COVID-19дан каза тапты Daily Starдын маалыматына  караганда бул эркектин олуттуу кошумча оорулары болгон эмес. Бир нече убакыт мурда мобилдик кошумча аркылуу маалымат алган таксит, арткы орундукта олтуруп бир нече жолу жөтөлгөн айымды үйүнө жеткирген. Бир аз күндөн кийин таксистин температурасы көтөрүлүп, жөтөлүп, деми кыстыга баштаган.  

Аюбдан коронавирус чыгып, ооруканага жаткырылган. Бирок, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан жок –  реанимацияда көз жумду. Көз жумаарга чейин жакындарына билдирүү жиберген.

Анда аябай коркуп атканын, анын ден соолугу үчүн Кудайдан суранып коюуларын өтүнгөн.

Abal.kg