Эксперттин айтуусу боюнча Японияда коронавирустан 400 миң адам каза болушу мүмкүн

ЭгердеCOVID-19 вирусунун таралышына бөгөт коюу боюнча кандайдыр бир чаралар кабыл алынбаса Японияда коронавирустан болжол менен 400 миң адам көз жумушу ыктымал дейт Хоккайдо университетинин профессору Хироси Нисиура. Мындай божомол «Майнити» гезитине жарыяланган.

Профессор, Япония Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы класстердик  жуктурууларды алдын алуу чаралары боюнча топтун өкүлү болуп саналат. Анын айтуусу боюнча, эгерде олуттуу чаралар көрүлбөсө коронавирус менен байланышкан оору учурлары 850 миң адамга жетет жана булардын тең жарымы каза болот.

Хироси Нисиура мындай эсептөөлөрдү элди карантиндик эрежелерди так сактоого чакыруу максатында жарыялаган.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат бүгүн саат 12.00гө карата Японияда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 8915 адамды түзгөн. Оору жуктуруп алгандардын көпчүлүк бөлүгү Токио шаарына (2319 адам) жана Осака префектурасына (894 адам) туура келет. Бардыгы болуп 175 адам каза болгон.