Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду.

Алсак, 2020-жылдын 14-апрелинен 15-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 34 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 6 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү болгону менен бардыгынын бети ачылды.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 1281 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан — 7 атуул, ал эми Сузак районунан – 4 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 9 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 92 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантурасынын басма сөз кызматы