Бишкекте коменданттык саат 2 саатка кыскарат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын белгилешинче, коменданттык сааттын убактысын кыскартуу боюнча долбоор бар.

— Коменданттык сааттын убактысын кыскартуу боюнча буйруктун долбоору даяр. Эми коменданттык саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин болот. Учурда башка чектөөлөр боюнча маселе каралып жатат, — деди Алмазбек Орозалиев.