Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүткүл дүйнөнү каптаган пандемия Кыргызстандын экономикасына дагы кесепетин тийгизүүдө. Көптөгөн реформалар кечеңдеп, коомдук-саясий турмуштагы айрым жаңы башталган иштер ордунан жылбай калды.

«Мисалы, жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдырдык, Апрель революциясынын 10 жылдыгын тийиштүү деңгээлде белгилей алган жокпуз. Алдыда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдаганы турабыз. Бирок андагы иш-чараларга өзгөртүүлөр киргизилет”, — деди өлкө башчы.