Коом

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар квота менен мамлекеттик кызматтарга жумушка орношо алат

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги мыйзамдарда ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга орношуусуна квота белгилөөнү сунуштайт. Тийиштүү мыйзам долбоорун министрлик коомдук талкууга жөнөттү.

Министрлик майыптарды жумушка орноштурууну мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматы камсыз кылгандыгын эскертти. Алардын ишке орношуу үчүн берилген көрсөтмөсү атайын түзүлгөн же квотанын негизинде жумуш ордун  берүүчү үчүн милдеттүү болуп саналат. Мындай жобо Эмгек кодексинде каралган.

Негиздемеде белгиленгендей, “Майып адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн квота түрүндө 5 пайыз жумуш орду менен камсыз кылуу талабы киргизилген (эгерде кызматкерлердин саны 20 адамдан кем болбосо).

Бирок, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда бекитилген квотанын чегинде кызматка кирүү нормалары жок жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жалпы негизде конкурстук тандоодон өтүшөт”, – деп айтылат документте.

Ведомство бош кызмат ордун болгондо, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды квалификациялык талаптарды эске алуу менен бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрбөстөн, мамлекеттик жумушка орноштуруу кызматынын жетекчилигине дайындоого укуктуу деп өзгөртүүнү сунуштайт.

Булак: Кыргызтудей сайты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button